2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын 2023-жылдын 29-декабрындагы №737/67-7 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте, Кадамжай шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүүсүндө 5 субъект камтылып, алардын ичинен 3 субъект программалык-техникалык түзүлүштү орнотуп жана колдонуп жатышкандыгы аныкталды. Ал эми калган 2 субъект программалык-техникалык түзүлүштү орното жана колдоно электиги такталды.
Мониторинг жүргүзүү учурунда бардык мамлекеттик жана муниципалдык субъектилерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ооз-эки эскертүүлөр берилди.