2024 – жылдын 4 – апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери (мындан ары – Талас облустук бөлүм) Бакай Ата районунун центринде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана күнүмдүк керектелүүчү социалдык маанидеги товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү жана түшүндүрүү иштери аткарылды.
Талас облустук бөлүмү тарабынан социалдык маанилүү товарлардын бааларына байкоолор жасалып, ал менен бирге ишкерлерге бааларды негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Бакай Ата районунун центринде жарнама жайылтуучу ишкердик субъекттер арасында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгү жайда мыйзам талаптары сакталбай жаткандыгы аныкталган. Ал:
1. Манас көчөсүндө жайгашкан “АгроВетАптека”
Жогоруда белгиленген жайга Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренсинин 3-4 пунктунун негизинде жазма эскертүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, аныкталган мыйзам бузуучулукту тез арада четтетүү боюнча жазма көрсөтмө берилди.
Мындан сырткары, Бакай Ата районунда жайгашкан:
накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча жана жогоруда аталган мекеме ишканалардын прейскуранттардын (баасы) жана иштөө режимин кардарларга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу (илүү), боюнча мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө мамлекеттик мекемелерде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн программалык-техникалык түзүлүштөр жоктугу аныкталды. Мамлекеттик мекеме жетекчилерине Кыргыз Республикасынын “Кректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 27 берененин талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүү менен бирге – мыйзам бузуучулукту четтетүү боюнча аткаруу мөөнөтүн белгилөө менен көрсөтмөлөр берилди.