2024-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 29-декабрындагы №737/67-7 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте, Баткен шаарынын Мурат Салихов көчөсүндө жайгашкан Кыял-Кече дүкөнүнө, Гүлназ соода борборундагы кийим-кече сатуучу жеке ишкерлерге, Рахат, Адина азык-түлүк дүкөндөрүнө, Медина соода борборундагы кийим-кече сатуучу жеке ишкерлерге накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мониторингдин учурунда 9 соода-түйүндорү камтылып, алардын ичинен 3 соода-түйүнү программалык-техникалык түзүлүштү орнотуп жана колдонуп жатышкандыгы аныкталды. Ал эми калган 6 субъект программалык-техникалык түзүлүштү орнотуу жана колдоно электиги аныкталды.
Мониторинг жыйынтыгы менен бардык сатуучу жеке ишкерлерге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ооз-эки эскертүүлөр берилди.