Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №637 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо” тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн 2024-жылдын 5-апрелиндеги №4/4 буйругу менен Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн (иштердин) тарифтеринин (баа) прейскуранты макулдашылды.