Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн (мындан ары – Бөлүм) кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 12-апрелинде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдө борборуна мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин журушундө банктык төлөм карталарын кабыл алуу үчүн арналган жабдуу (POS-терминалдар) бар экендиги аныкталып, ал эми электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (мындан ары QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдуулары жок экендиги аныкталды.
Мониторингдин жыйынтыгы менен, электрондук акчаны жана/же QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдуулардын жоктугуна байланыштуу, жазма эскертме берилди.