2024 – жылдын 15 – апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери (мындан ары – Талас облустук бөлүм) мамлекеттик кызмат көрсөткөн мекемелерде мониторинг жүргүзүлдү жана түшүндүрүү иштери аткарылды.
Мониторингдин жүрүшүндө мамлекеттик мекемелерде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн программалык-техникалык түзүлүштөр жоктугу мамлекеттик мекемелерде аныкталган :
накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча жана жогоруда аталган мекеме ишканалардын прейскуранттардын (баасы) жана иштөө режимин кардарларга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу (илүү), боюнча мониторинг жүргүзүштү.
Мамлекеттик мекеме жетекчилерине Кыргыз Республикасынын “Кректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 27 берененин талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүү менен бирге – мыйзам бузуучулукту четтетүү боюнча аткаруу мөөнөтүн белгилөө менен көрсөтмөлөр берилди.