Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” жөнүндө мыйзамынын 27- беренесине ылайык , Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 11-12-апрелинде Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан Ысык-Көл областынын Түп, Ысык-Көл райондорунда жана Каракол шаарында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында мониторинг жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн атайын жабдууларды (программалык –техникалык түзүлүштун) камсыз кылуу POS терминалдардын жана/же QR коддорунун милдеттүү түрдө болушу боюнча Түп райондук жалпы дарыгердик практика борборуна, Ысык-Көл аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, Ысык-Көл райондук жалпы дарыгердик практика борборуна, Каракол шаардык “Унаа”, Каракол аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына архитектура жана Каракол калкты тейлөө борборуна Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 317-беренесинин 1,2-беренесине ылайык 6 мекемеге 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.