Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 15-апрель күнү накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча юстиция башкармалыгына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө Ош шаары жана Ош облусу боюнча юстиция башкармалыгында электрондук акчаны жана QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдуулары бар экендиги аныкталды.
Мындай ич-чаралар шаардын башка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөткөн мекеме ишканаларда уланмакчы.