Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 4-апрелиндеги №07-1/30 сандуу тапшырманын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомун жана 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу максытында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Айтматов жана Манас райондорунун мамлекеттик Салык кызматынын инспекторлору жана Талас облусунун Улуттук банкынын кызматкери менен биргелешкен мониторинг жүргүзүлдү.
2024-жылдын 12 апрелинде Айтматов жана Манас районуна жайгашкан:
накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн атайын жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча жана жогоруда аталган мекеме ишканалардын прейскуранттардын (баасы) жана иштөө режимин кардарларга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу (илүү), боюнча мониторинг жүргүзүштү. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 сандуу “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун тизмесинде көрсөтүлгөн чарбакер субьектерлерине гипер маркет, супер маркет, дүкөндөрдө, тамактануу жайларда, авто сервис-дүкөн, мейманкана, дарыкана жана май куючу жайларда мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө кээ-бир мамлекеттик мекемелерде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн программалык-техникалык түзүлүштөр жоктугу аныкталды. Мамлекеттик мекеме жетекчилерине Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 27-берененин талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге мыйзам бузуучулукту четтетүү боюнча аткаруу мөөнөтүн белгилөө менен 7-көрсөтмө берилди.