26.04.2024
2024 – жылдын 26 – апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери (мындан ары – Талас облустук бөлүм) Талас шаарында жайгашкан соода объектилеринде мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринин” 22-1 пунктунун аткарылышы боюнча жүргүзүлдү. […]