Бүгүн, 12-июнь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования аянтчасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына, банктык комиссияларга сарпталган чыгашаларды киргизүү маселесин кароо үчүн Ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү. Жумушчу топко министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик (анын ичинде “Инфосистема” мамлекеттик ишканасы, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы) жана Улуттук банктын, ошондой эле коммерциялык банктардын жана төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун өкүлдөрү […]