Кыргыз Республикасынын товар рынокторундагы үстөмдүк абалды ээлеген чарбаркер субьекттердин рээстрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
03.04.2024Бакай Ата районунда социалдык маанилүү товарлардын бааларына, КР “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
04.04.20242024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын 2023-жылдын 29-декабрындагы №737/67-7 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте, Кадамжай шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүүсүндө 5 субъект камтылып, алардын ичинен 3 субъект программалык-техникалык түзүлүштү орнотуп жана колдонуп жатышкандыгы аныкталды. Ал эми калган 2 субъект программалык-техникалык түзүлүштү орното жана колдоно электиги такталды.
Мониторинг жүргүзүү учурунда бардык мамлекеттик жана муниципалдык субъектилерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ооз-эки эскертүүлөр берилди.