Отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин, Мамлекеттик агенттиктин 2020-жылга карата иш-планынын, Мамлекеттик агенттиктин директорунун иш-аракеттеринин/милдеттеринин планынын, 2020-жылга Монополияга каршы жөнгө салууну өнүктүрүүнүн стратегиялык программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын алкагында иш алып барылды.
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүнүн улуттук/ жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Аймактар үчүн таза суу” форумунда сүйлөгөн сөзүндөгү иш-чаралардын планын орундоо максатында иштелип чыккан долбоорлор боюнча иш алып барылды:
“2019-2023-жж. Санарип Кыргызстан” санарип трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашыруунун алкагында (мындан ары – Концепция):
Азыркы учурда Мамлекеттик агенттик тарабынан 4 мамлекеттик орган (Юстиция министрлиги, МКК, Кыргызпатент, Минтранс) менен “Түндүк” СМЭВ аркылуу маалымат алмашуу жүзөгө ашуда. 4 мамлекеттик орган (УСК, ГКИТС, ГТС, ИИМ) менен байланышты иштеп чыгуу боюнча иштер улантылууда.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасынын алкагында “Нур” ААКсына (Жалал-Абад шаары) кураторлук жүргүзүлүүдө:
Мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу
Атаандаштык (монополияга каршы) саясат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базасын КРнын мыйзамдарына жана ЕАЭБдин ченемдик базасына ылайык келтирүү максатында, 2019- жылы иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун илгерилетүү боюнча Экономика министрлиги менен биргеликте иш жүргүзүлдү.
Аткаруу бийлиги органдары тарабынан монополияга каршы мыйзамды бузууну алдын алуу максатында, Мамлекеттик агенттик тарабынан отчеттук мезгилде мамлекеттик органдар тарабынан берилген ченемдик укуктук актылардын 210 долбооруна экспертиза жүргүзүлдү. Алардын 138 ине кайчы пикирлер жана сунуштар берилди.
Мамлекеттик жөнгө салуу
– Табигый монополия субьектилерин
31.12.2020-жылдагы абал боюнча чарбакер субьекттердин жалпы саны 77 бирдикти түзөт, андан:
Отчеттук мезгилде монополиялардын Мамреестрине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген жок.
Табигый монополиялардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун алкагында:
– 17 эсептик материалдар каралган;
– табигый монополия субьекттеринин товарларына жана кызматтарына 32 баа жана тарифтер белгиленген.
2019-жылдын 1- январынан тартып, ишкердик субьекттерине текшерүү өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу киргизилгендигине байланыштуу, табигый монополия субьекттерин текшерүү отчеттук мезгилде өткөрүлгөн эмес.
Мурда өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 6,419 млн. сом монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен алынган кирешени республикалык бюджетке кайтарып алуу тууралуу чечим кабыл алынган.
Табигый монополияларды жөнгө салуунун алкагында төмөнкүдөй багыттар боюнча тийиштүү иштер аткарылды:
«Кыргызтелеком» ААКы. Жергиликтүү телефон байланышы кызматын көрсөтүүнүн Келишиминин формасы макулдашылды.
“Телекөрсөтүү жана радио уктуруунун радио-реле жолдорунун республикалык өндүрүштүк бирикмеси” ААКы:
«Кыргыз почтасы» МИсы. Жол эрежелерин бузуу жөнүндө чечимдердин көчүрмөлөрүн тиркөө жана катталган жеткирүү/кайтаруу статусуна кирүү үчүн өзүнчө кызматтын баасын бекитүү менен каттарды жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн тарифтик деңгээлдин көтөрүлүшүн карап чыгуудан “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында баш тартылган. Баш тартуунун негизи – «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Мыйзамдын ченемдерине ылайык келбөө.
Мамлекеттик кызматтарга тарифтердин негизсиз жогорулоосун болтурбоо максатында, бардыгы болуп 2974 баалар (тарифтер) макулдашылган, анын ичинде 913 баалар (тарифтер) аткаруу бийлик органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү көрсөткөн акы төлөнүүчү кызматтарга (иштерге).
Кызматтарга (жумуштарга) бааларды (тарифтерди) коюунун жана колдонуунун тууралыгын бузууга карата көзөмөлдүк иш-чараларды жүргүзүүдө жалпы 178,7 млн.сом өлчөмүндөгү айыптык жана экономикалык санкцияларды салуу тууралуу чечимдер кабыл алынды.
Керектөөчүлөр менен 3,826 млн.сом суммасына кайра эсептешүүлөрдү жүргүзүү тууралуу чечимдер кабыл алынган.
КРӨ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы үчүн:
– жарандык абалдын актыларына жазууларды кошуу жана фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү тез арада каттоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2019-жылдын 1-январына чейин колдонулган деңгээлде сакталып калды.
Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору:
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти:
МКК алдындагы “Унаа” МИсы:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери боюнча:
2020-2021-жылдагы жылытуу мезгилинде көмүргө баалардын негизсиз жогорулоосун болтурбоо максатында:
– республика боюнча отун-энергетикалык комплекс ишканаларына камсыздоочу 20 көмүр казып алуучу компанияларга көмүр баалары белгиленген;
– “Кара-Кече”- Балыкчы темир жол станциясы жана Таш-Көмүр шаары – Бишкек шаардык ЖЭБ аймактары боюнча көмүрдү авто ташууга баалар аныкталган;
– Ош шаарынын ЖЭБине, «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу филиалдарына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнө жеткирүү үчүн “Кыргызнефтегаз” ААКы үчүн мазутка баалар белгиленген.
2020-жылы мезгилдик айыл-чарба талаа иштерин өткөрүүдө айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө жагымдуу шарттарды түзүү максатында:
ЕАЭБдин алкагында 2018-жылдын 2-февралында кол коюлган товарларды идентификациялоочу каражаттары менен маркировкалоо жөнүндө макулдашуунун талаптарын ишке ашыруу максатында (КРӨТ №248, 11.05.2020ж):
Автомототранспорттук каражаттарды каттоонун, кайра каттоонун бирдиктүү тартибин киргизүү максатында (КРӨТ № 407, 23.06.2017ж.):
– 2021-жылга автомототранспорттук каражаттарын каттоо жана кайра каттоо үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” ММсы колдонгон автомототранспорттук каражаттарын баалоо боюнча тарифтик торчр макулдашылды.
Салык жол-жоболорун фискализациялоонун электрондук системасын киргизүүнүн, идентификациялоо каражаттары менен айрым товарларды маркалоону натыйжалуу киргизүү (КРӨТ № 514, 02.10.2020ж.) алкагында, «Альфа Телеком» ЖАКсынын кайрылуусунун негизинде:
Кыйыр салыктарды толук төлөөнү камсыз кылуу максатында:
– товарлардын 35 позициясы боюнча контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген, алардын ичинен 3 позиция боюнча контролдук баалардын минималдык деңгээли төмөндөтүүгө жагдайына кайра каралган (ак май, кум шекер жана жумшак жана спельта буудайынан ун), 2 позиция алып салынды;
Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана бюджеттик каражаттарды туура пайдалануу максатында:
Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамын аткаруу үчүн 23 баа (тариф) макулдашылган.
Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сактоо
Отчеттук мезгил ичинде “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамды бузуу белгилери боюнча:
Монополияга каршы мыйзамды бузууну жоюу талабы менен 11 эскертме берилген, анын 9у аткарылган, калганы аткаруу процессинде турат.
“Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамдын “Ак ниет эмес атаандаштык” 8-беренесин бузуу басымдуу бөлүгүн (76,5%) түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги менен “Коррупцияга каршы коом” коомдук бирикмесинин кайрылуусун кароонун алкагында, КР Адвокатурасынын тарабынан лицензия алып жана Адвокатурага мүчөлүккө кирүүнү чечкендерден 20 миң сом өлчөмүндө кириш төлөмдөрүн алуусу рынокко кирүү үчүн болгон тоскоолдук деп табылды. Мамлекеттик агенттик тарабынан кирүү акысын алып салуу тууралуу жазма эскертүү берилген. Адвокатура Мамлекеттик агенттиктин чечимин соттук тартипте даттанды.
Бардык соттук инстанциялар тарабынан (Бишкек шаарынын Райондор аралык соту, Бишкек шаардык соту, Жогорку сот) Мамлекеттик агенттиктин кирүү акысын алып салуу тууралуу чечими мыйзамдуу деп табылып жана күчүндө калтырылган, башкача айтканда, Адвокатуранын кирүү төгүмүн алуу боюнча аракеттери атаандаштыкка каршы деп табылган.
“Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын” “Аталык групп” ЖЧКсынын жана “Пивной дом” ЖЧКсынын “Народный” соода түйүнү ЖЧКсынын товарларды жүгүртүү боюнча ретро бонустун көлөмүн жана маркетингдик кызматтардын баасын жогорулатуу менен белгиленген аракетине карата арыздар каралган.
Тараптардын катышуусундагы жумушчу жолугушуунун жыйынтыгы менен, арыздар боюнча талаштуу маселелер чечилген. Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгы менен, арыздар боюнча талаштуу маселелер чечилген.
Келишимдин шарттарынан жеткирүүчүлөр үчүн жагымсыз шарттар алып салынды, ретро-бонус өлчөмү мурдагы деңгээлинде (10%) калтырылды.
«Система Квикпэй» ЖЧКсынын төлөм терминалдары аркылуу анын пайдасына төлөмдөрду кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө багытталган «Скай Мобайл» ЖЧКсынын иш аракетине, «Система Квикпэй» ЖЧКсынын кайрылуусун карап чыгуунун алкагында, Мамлекеттик агенттик тарабынан “Скайл Мобайл” ААсына суралган маалыматты бербегендиги үчүн жазма эскертме берилген.
Бирок, “Скай Мобайл” ААКсы жазма эскертменин мыйзамдулугун тааныбастан сот органдарына кайрылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому менен Мамлекеттик агенттиктин иш-аракеттери мыйзамдуу деп таанылган.
Жогорку Соттун чечиминин негизинде, «Скай Мобайл» ЖЧКсына 2-категориядагы айып пул салуу чечими кабыл алынды – 130 эсептик көрсөткүч.
«Скай Мобайл» ААКсы макул болбогондуктан, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна чыккан токтомду жокко чыгаруу тууралуу даттануусун берген.
2020-ж. 23-ноябрында Октябрь райондук соту «Скай Мобайл» ЖЧКсына карата чыгарылган токтомду күчүндө калтырды
Отчеттук мезгилде “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамдын ченемдерин сактоого контролду жүргүзүү максатында:
– “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамдын 8-беренесин бузуунун 26 фактысы каралган жана жоюлган (“Ак ниет эмес атаандаштык”).
– “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамдын 10-беренесин (“Товарларды сатып алууга монополияга каршы талаптар”) сатып алууларды өткөрүүдө 6 фактысы каралган жана жоюлган.
“Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамдын 11-беренесине ылайык, экономикалык концентрация процессинде монополияга каршы экспертизаларды жүргүзүү боюнча 18 чарбакер субъекттин өтүнмөлөрү каралды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, 3 өтүнүч четке кагылган, 15 ине оң корутунду берилген.
Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субьекттердин ишмердигине экономикалык-статистикалык байкооло
31.12.2020-жылдагы абалга карата үстөмдүк абалды ээлеген субьекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарбакер субьекттердин жалпы саны 116 бирдикти түзөт, андан:
Талдоолордун жыйынтыктары боюнча Доминанттар реестрине кошумча 4 субьект киргизилген (“Ишеним” кредиттик бюросу ЖАКы – насыя тарыхын түзүү жана алып баруу, “Газпром нефть Азия” ЖЧКу, ОсОО “Альфа ойл” ЖЧКу, “PH-Кыргызнефтепродукт» ЖАКу) бензин боюнча бирегелешкен үстөмдүк шарты менен.
1 чарба жүргүзүчүү субъект алынып салынды.
Товар рыногундагы үстөмдүк кылуучу субьектилердин ишмердүүлүгүнө экономика-статистикалык байкоо жүргүзүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Өзгөчө көңүл КММ, көмүр, жарык берүүчү электр лампалары, сүт сатып алуу жана уюлдук байланыш рыногунун субьектилерине бурулду.
Товарлар (жумуштар, кызматтар) рыногундагы атаандаш чөйрөнү талдоо
2020-жылга Товардык рынокторго талдоолорду өткөрүү планы бекитилген.
Товар рынокторуна 71 талдоо жана сереп жүргүзүлдү. Товар рынокторунда атаандаштыктын бар экендиги жана абалы аныкталган жана монополияга каршы органдын кийлигишүү зарылдыгы аныкталган.
Социалдык маанилүү товарлары рыногу. Үстүбүздөгү жылдын март айында, Covid-19 пандемиясынын шартында бааларды жогорулатпоо максатында, КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы “Социалдык маанилүү товарлардын кээ бир түрлөрүнө мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №155 токтому менен социалдык жактан маанилүү азык-түлүк продуктыларынын бааларына мамлекеттик жөнгө салуу 90 күндүк мөөнөткө киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги №242 “Социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтому менен бекитилген тизмекке киргизилген 11 позиция боюнча социалдык маанилүү азык-түлүк продуктыларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген; ун, бөлкө нан, кум шекер, макарон азыктары, өсүмдүк майы, пастерленген сүт, ак май, жумуртка, эт, күрүч жана картошка.
Мамлекеттик жөнгө салуу убагында Финансы полициясы менен биргеликте Мамлекеттик агенттик тарабынан белгиленген бааларды жогорулатууну болтурбоо/жоюуга карата контролдук иш-чаралар жүргүзүлдү. Аталган иш-чараларды жүргүзүүдө бааларды жогорулатуу боюнча 422 бузуу аныкталып, 360 жазма эскертүү берилди, Финансы полициясына 32 материал берилди, 30 айып салынды.
Контролдук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин 218-беренесине ылайык, негизсиз жогорулатуу боюнча соода субьектилерине жалпы суммасы – 289, 0 миң сом болгон административдик айып салынды.
Бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү ушул жылдын 13-июнунда аяктады.
Ошентип, КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы “Социалдык маанилүү товарлардын кээ бир түрлөрүнө убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү жөнүндө” №155 токтомунун бардык талаптары Мамлекеттик агенттик тарабынан толугу менен сакталды.
Ушул жылдын апрель айында КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелинде “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 “Социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №193 токтому кабыл алынган, бул токтомго ылайык, социалдык маанилүү товарлардын тизмеги 14төн 25 аталышка чейин кеңейтилген.
Азыркы учурда, өзгөртүлгөн кеңейтилген тизмек боюнча чекене бааларга жума сайын сурамжылоо жүргүзүлүүдө.
Маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана башка мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп турат.
Отчеттук мезгилде өсүмдүк майы, кумшекер, эт, тооктун жумурткасы, ун, сүт, күйүүчү-майлоочу май жана көмүр сатып алуу базарларына өзгөчө көңүл бурулган.
Мамлекеттик маанидеги азык-түлүк товарларына баанын негизсиз (ортомчулук) кымбаттоо фактылары боюнча Мамлекеттик агенттик өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү чараларды көрүүдө.
Учурда күн карама майына, кумшекерге, этке, тооктун жумурткасына жана унга болгон баалар боюнча күн сайын сурамжылоо жүргүзүлүп жатат. Маалымат күн сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Экономика министрлигине, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жөнөтүлүп турат. СМТ базарларына көзөмөл жүргүзүүнү улантууда жана ар дайым көзөмөлдө турушат.
Өкмөттүн тапшырмаларын аткаруу максатында, ири соода түйүндөрү менен (Народный соода үйү, Globus тармагыы, Фрунзе ж.б.) СМТ үчүн баа саясаты жана СМТ берүүчүлөр менен кызматташуу шарттары боюнча бир катар жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушуулардын натыйжалары, көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору чагылдырган маалымат Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри А.Э.Новиковго жөнөтүлгөн (багытталган).
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Ыкчам штабдын көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында, баалар деңгээлинде Бишкек шаарындагы 12 ири диагностикалык борборлор/лабораториялар менен PCR үчүн – Covid-19, MRI, CT, рентгенография үчүн анализ боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Көйгөйлүү маселелерди жана аларды чечүүнүн жолдорун чагылдырган маалымат Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиевага жөнөтүлдү.
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама ишмердиги чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү мыйзамды сактоого контролду ишке ашыруу максатында керектөөчүлөрдөн 258 кайрылуу/ арыздар каралды жана 292 карап текшерүү жүргүзүлдү. Кайрылууларды, арыздарды кароонун жүрүшүндө 435 мыйзам бузуу аныкталган, алардын 295 ыктыярдуу түрдө жоюлду; 129 тартип бузуу боюнча өндүрүштө иш козголгон. Муну менен катар 318 жазма эскертүү берилди, алардын 311 аткарылды, калгандары аткаруу процессинде. Айып салуу тууралуу 14 токтом чыгарылган, 13 аткарылган.
Отчеттук мезгилде арыздарды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөргө бардыгы болуп 2,899 млн.сом кайтарылган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын жана Дуйнолук Керектөөчүлөрдун укуктарын коргоо кунунун алкагында, 2020-жылдын 15-февралынан 15 -мартына чейин «Керектөөчү өз укугунду бил!» темасында бир айлык өткөрүлдү.
“Жарнама жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузууну болтурбоо максатында монополияга каршы органдын демилгеси боюнча 114 мониторинг жүргүзүлүп, 24 кайрылуу, арыз каралды. Мониторингдин жыйынтыктары жана арыздарды кароонун жыйынтыгы менен 197 мыйзам бузуу аныкталган, алардын ичинен 83 карап чыгуунун жыйынтыгында жоюлду, 86 тартип бузуу боюнча өндүрүш иши козголгон. Муну менен катар 120 жазма эскертүү берилип, алардын 111 аткарылды, калгандары аткаруу процессинде. 124,0 миң сомго айып салуу жөнүндө 7 токтом чыккан, алардын 6 аткарылды (айыптар төлөндү).
Евразиялык экономикалык комиссиянын алкагындагы иштер
Отчеттук мезгил ичинде, ЕЭК өз ара кызматташуусунун алкагында 86 жыйынга (видеоконференция форматында) катышуу.
ЕЭК Коллегиясынын 27 отуруму боюнча, ЕЭК Кеңешинин 11 отуруму боюнча, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин 5 отуруму, жана Жогорку Евразиялык кеңештин 1 отуруму боюнча материалдар каралган.
Аталган отурумдардын алкагында 132 маселе/долбоор боюнча корутунду каралган жана даярдалган.
ЕЭКтин Транс чек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу маселеси боюнча 17 арызы кароодо турат.
ЕЭКтин алкагында иш кийинки багыттар боюнча жүргүзүлдү:
Эл аралык кызматташтык
Мамлекеттик агенттик чет элдик атаандаштык ведомстволор жана эл аралык уюмдар менен активдүү кызматташып, төмөндөгүлөргө катышылды:
Атаандаштыкты адвокатташтыруу жана ишмердиктин ачыктыгын камсыздоо боюнча иш-чаралар
Атаандаштыкты адвокатташтыруу жана ишмердиктин ачыктыгын камсыздоо максатында расмий сайтта www.antimonopolia.gov.kg 354 материал, башка маалымат ресурстарында – 28 материал жарыяланган.
Мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги жана кызматкерлери радио жана телеканалдарда 373 комментарий (интервью) берген.
210 жаранга жеке кабыл алуу жүргузүлгөн.
“Коомдук кабылдама” жана “Ишеним телефону” иштейт. Ишеним телефону боюнча кайрылуулардын саны – 510.
Расмий сайтта “Электрондук кайрылуу” иштейт, сайтка киргендерге сурамжылоо жайгаштырылган.
Мамлекеттик органдарга Kattar.kg. жарандардын электрондук кайрылуулары порталы аркылуу түшкөн 15 электрондук кайрылуу каралган.
ЖМКнын катышуусунда 119 семинар, тренинг, тегерек стол, конференция жана башка иш-чаралар өткөрүлгөн.
Ачыктыкты камсыздоо максатында proverka.kg порталында ишкерлик субьектилерин жана аткаруу бийлиги органдарын жана ага караштуу мекемелердин текшерүүлөрдүн планы жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат жайгаштырылган.
Кадр саясаты жана аткаруучулук тартип
Документтерди аткарууну контролдоочу автоматташтырылган тутуму – АСКИД жана Электрондук документ жүгүртүү тутуму (СЭД) иштейт.
2020-жылда Мамлекеттик агенттиктин Борбордук аппаратына баардыгы болуп 3354 каттар/документ келип түштү (жарандардын кайрылууларын эске алуусуз), 3234 каттар/документтер даярдалган жана жиберилген (буйруктарды, токтомдорду, жазма эскертмелерди, жарандардын кайрылууларына жоопторду эске алуусуз).
Бош мамлекеттик административдик кызмат ордуна 11 конкурс өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча 11 адам жумушка кабыл алынды.
Мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин ишмердигине жана Мамлекеттик агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердигине жылдык баалоо өткөрүлгөн.
2020-жылга кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу планы бекитилген.
2020-жылга карата Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин ротациялоонун планы бекитилген.
Мамлекеттик агенттиктин административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар кайрадан бекитилген.
Жашыруун иш кагаздар боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Корутунду
Отчеттук мезгилде Мамлекеттик агенттик – 185,6 млн.сомго айып жана экономикалык санкция салуу тууралуу чечим кабыл алынган.
Бардыгы болуп отчеттук мезгилде мамлекеттик бюджетке 151,2 млн. сом түшкөн (айып жана экономикалык санкцияларды салуу суммасынан 81,5%).
Калктын ишеним индекси 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында жалпысынан республика боюнча 23 упай түздү. 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 17 упайга (40,0 тан 23,0 чейин) төмөндөгөн.