2023-жылдын 14-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата Каракол шаарындагы И. Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжинде “Керектөөчү, укуктары бил!” темасына лекция өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамынын негизги багыттары, керектөөчүлөрдун жана сатуучулардын ортосундагы мамилелер, товарлардын сапаты жөнүндө маалыматтарды алышты. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлүп, суроо-жооптор менен талкулоо болду.