Бүгүн, 2023-жылдын 29-мартында, Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Улуттук банктын өкүлдөрү менен бирге Жети-Өгүз районунда соода жана тейлөө ишканаларында (аптекалар, коомдук тамактануу пункттары, чач тарачтар, азык-түлүк жана турмуш-тиричилик техникасын сатуучу магазиндер – жалпысынан 34) POS-терминалдардын болушу жана колдонулушу, о.э. банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (мындан ары – QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууга арналган банк жабдууларын орнотуу боюнча боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.