Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы, кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары, айыл чарбасы боюнча облустук кызматкерлердин жана сүт заводтордун өкүлдөрү, жалпы облустук сүт өткөрүүчүлөр менен жыйын өткөрүлдү. Жыйын негизинен сүттүн баасыны арзандыгы же 28 сомдон алып жатканына нааразычылык боюнча болуп өттү. Жыйында ар бир заводтун өкүлдөрү чыгып сүйлөп азыркы сүттүн баасы кайдан келип чыкканын билдирип түшүндүрмө берди.
Жыйындын акырында облустук өкүлдүн биринчи орун басары бул коюлган талаптар боюнча айыл чарба министрлигине кайрылуу жана башка тийиштүү иш алып барарын айтты жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын облустук бөлүм башчысы Кызматтын ыйгарым укуктарын түшүндүрүп айтып, сүт маселесин чечүү максатында пилотный проект катары жалпы жыйындын катышуучуларына үч тараптуу келишим түзүп иш алып баруу боюнча сунушун берди жана жакынкы күндөрү сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн макулдашышты.