05.04.2023

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик символикалар боюнча жыйын өттү

2023-жылдын 4-апрел күнү Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмү жана Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Айнура Ахмеджанова менен биргеликтеЖалал-Абад шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин, бала бакчалардын жетекчилерине КРнын Мамлекеттик Туусу жана Гербин туура колдонуу боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Миргуль Эгемова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Маданова […]
04.04.2023

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында мониторинг жүргүзүлдү

2023-жылдын 3-апрель күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жана Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Айнура Ахмеджанова Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында өлчөө бирдейлигин эрежелерин сактоо ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча биргелешкен мониторинг жүргүзүштү.Иш-чарага Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Керек-Жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин Санитардык Экологиялык инспекция бөлүмүнүн башычысы Урмат Исмаилов,Жалал-Абад шаардык мэриясынын Экономика бөлүмүнүн жетектөөчу адиси […]
15.03.2023

Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттерине “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнүнө” карата “Керектөөчү өз укугуңду бил” аттуу темада практикалык окуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү тарабынан Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттерине “Керектөөчү өз укугуңду бил” темасында Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде лекциялар окулуп, ушул теманын алкагында суроо-жооптор болду. Практикалык окуу Жалал-Абад медициналык колледжинде 2023-жылдын 15-мартында өткөрүлдү.
Skip to content