15.03.2023

Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттерине “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнүнө” карата “Керектөөчү өз укугуңду бил” аттуу темада практикалык окуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү тарабынан Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттерине “Керектөөчү өз укугуңду бил” темасында Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде лекциялар окулуп, ушул теманын алкагында суроо-жооптор болду. Практикалык окуу Жалал-Абад медициналык колледжинде 2023-жылдын 15-мартында өткөрүлдү.
13.12.2022

Жалал-Абад шаарында “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптары сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2022-жылдын 18-октябрында Жалал-Абадс шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, ишкердик субъекттер арасында жарнактык маалыматты даярдоодо жана жайылтууда “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
13.12.2022

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү “Кыргызнефтегаз” ААК тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскурантын макулдашты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартибинин” негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү 06.10.2022-жылы № 34 -буйругу менен “Кыргызнефтегаз” ААК  тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын бааларынын прейскуранты 2 позицияда макулдашылды.
Skip to content