16.05.2023
2023-жылдын 13-май күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнө, Нарын шаарынын РТС аймагындагы Сейил-Булак көчөсүнүн №21-үйүнүн тургуну Шаршекеев Марсбек “Альфа-Ойл РЕД Петролеум” ЖЧКнын май куюучу жайы боюнча арыз менен кайрылган. Арызды кароого Экономика жана коммерция Министрлигинин Нарын аймактар аралык башкармалыгы тарабынан, пландан тышкары текшерүү жүргүзүүгө №07210223-1 жолдомо алынып, атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси, […]