30.03.2023
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д.Тайлаковдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери төрагасынын орун басары А.Ш.Тукунов менен биргеликте Бишкек шаарындагы Ош базарында эттин дүң жана чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө Ош базарына эт негизинен Чүй жана Нарын облустарынан ташылып келээри белгилүү болду. Ош базарынын эт саткан жайларында дүң жана чекене баада сатылат. […]