13.03.2023

Токмок шаарында азык-түлүктөргө мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 13-мартында Токмок шаарындагы ири азык-түлүк дүкөндөрүндө жана “Булак” базарында социалдык маанидеги товарларга мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө азык- түлүк сатуучу жайлардын сатуучуларына, суу май, кум шекер, эт жана башка товарлардын чекене баасын негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Белгилей кетсек, айрым азык-түлүк бааларынын баасы төмөндөгөнү байкалды.
13.03.2023

Токмок шаарынын аймагында КРнын«Жарнак жөнүндө» мыйзамынын нормаларын бузуунун алдын алуу боюнча мониторинг жүргүзүлдү

2023-жылдын 10-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын  Чүй областтык бөлүмүнүн кызматкерлери жана комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте Токмок шаарынын аймагында жарнак жөнүндөгү КР мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында тышкы жарнакка мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү “Жарнак жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына ылайык келбеген 12 учурларын аныктаган алардан: 2 учур Мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктун бузгандыгы боюнча, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик […]
12.12.2022

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чуй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Сокулук жана Москва райондорунун базарларында жана соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чуй облустук бөлүмүнүн (мындар ары – Бөлүм) кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 10-октябрында Сокулук жана Москва райондорунун базарларында жана соода түйүндөрүндө сатуучулар тарабынан “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” жана “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо, социалдык маанидеги товарларга жана көмүргө негизсиз ашыкча баа коюу боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин […]
Skip to content