Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 (бир) айлык иш планынын негизинде 2024-жылдын 28-мартында С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжинде студенттер жана мугалимдер менен жолугушуулар жүргүзүлдү. Жолугушуу кызматкерлер тарабынан даярдалган презентация (слайд) көрсөтүү менен студенттерге КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптары, керектөөчү өз укугун […]