Аймактык бөлүмдөр

19.12.2022

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Түп айылында жарнама баннеринде мамлекеттик тилдин жоктугу үчүн айып пул салды

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Түп районунун, Түп айылында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндөгү” Мыйзамынын 5-ст. 3 пунктуна дал келбегендиги тууралу акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 403 ст. ылайык 170 эсептик көрсөткүч эсебинде айып пул салынды.
14.12.2022

2021-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарындагы жарманкелердеги бааларга мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери керектөөчүлөр үчүн эң керектүү азык-түлүктөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана социалдык маанидеги тамак-аш азыктарына баанын негизсиз жогорулатылышына жол бербөө максатында Бишкек шаардык мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте 2021-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарынын […]
13.12.2022

Жалал-Абад шаарында “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптары сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2022-жылдын 18-октябрында Жалал-Абадс шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, ишкердик субъекттер арасында жарнактык маалыматты даярдоодо жана жайылтууда “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Skip to content