Аймактык бөлүмдөр

14.03.2023

Караколдо “Керектөөчү, укуктарыңды бил!” деген темада окутуу семинары өткөрүлдү.

2023-жылдын 14-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата Каракол шаарындагы И. Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжинде “Керектөөчү, укуктары бил!” темасына лекция өткөрүлдү.Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамынын негизги багыттары, керектөөчүлөрдун жана сатуучулардын ортосундагы мамилелер, товарлардын сапаты жөнүндө маалыматтарды алышты. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлүп, суроо-жооптор […]
14.03.2023

Ош шаарындагы азык-түлүк сакталган кампаларга мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаковдун социалдык мааниге ээ азык түлүк товарларына болгон бааны турукташтыруу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында, Ош шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн азык-түлүк коопсуздугу боюнча комиссиянын мүчөлөрү Ош шаарындагы азык-түлүк сакталган кампаларга мониторинг жүргүзүштү. Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын адистери У.Шамшиева, А.Ажыбаев, Г.Рабшанбек кызы, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары С.Молдобаев, Ош шаардык салык кызматынын […]
13.03.2023

Токмок шаарында азык-түлүктөргө мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 13-мартында Токмок шаарындагы ири азык-түлүк дүкөндөрүндө жана “Булак” базарында социалдык маанидеги товарларга мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө азык- түлүк сатуучу жайлардын сатуучуларына, суу май, кум шекер, эт жана башка товарлардын чекене баасын негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Белгилей кетсек, айрым азык-түлүк бааларынын баасы төмөндөгөнү байкалды.
Skip to content