ЕЭК менен өз ара аракеттешүү жана Эл аралык кызматташтык

26.11.2022

Атаандаштык боюнча Стамбул форумунун алкагында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Монополияга каршы ведомстволорунун жетекчилеринин расмий жолугушуусу болуп өттү

2019-жылдын 25-26-ноябрында Стамбул шаарында (Түркия) ЮНКТАДдын катышуусу менен Түрк конкуренттик ведомствосунун 22- жылдык майрамынын урматына Түрк конкуренттик ведомствосу Атаандаштык боюнча Стамбул Форумун өткөрдү. Атаандаштык боюнча Стамбул форумун уюштуруу демилгеси атаандаштык мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирүүгө дүйнө жүзү боюнча Монополияга каршы органдардын ишмердүүлүгүндө кездешкен атаандаштыктын маанилүү маселелерин талкуулоого, ошондой эле Монополияга каршы органдар ортосунда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган. Форумдун алкагында […]
21.11.2022

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери Россиянын Федералдык Монополияга каршы кызматындагы санариптик рыноктордо монополияга каршы иштерди кароо маселелери боюнча семинарга катышышты

2022-жылдын 9-ноябрынан 11-ноябрына чейин Россиянын Федералдык Монополияга каршы кызматынын чакыруусу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери санариптик рыноктордо монополияга каршы иштерди кароо маселелери боюнча семинарга катышты. Семинар Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын (Москва ш.) монополияга каршы органдардын ортосундагы өз ара кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларынын алкагында өткөрүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын аймагынан тышкары катталган жана глобалдык рыноктордо ишмердүүлүк […]
15.11.2022

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эксперттери «Атаандаштык укугу жана рынок экономикасын өнүктүрүү» темасында онлайн режимде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуудан өтүштү

Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы программасынын алкагында Чунгбук Улуттук университети (Корея) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары – Кызмат) эксперттери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча «Атаандаштык укугу жана рынок экономикасын өнүктүрүү» темасында онлайн режиминде өттү. Кыргыз Республикасынын атынан Кызматтын эксперттери, Укуктук камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар […]
Skip to content