01.05.2024
1-май эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү
Урматтуу мекендештер! 1-май – эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү менен куттуктайбыз. Биринчи Май – тынчтыктын, эмгектин символу катары муундан муунга өтүп майрамдалып келе жатат. Эмгек ар бир адамды ийгиликке, дөөлөткө, бийиктиктерге жеткирет. Эмгекчи болуудан тажабаган элдин келечеги да кең. Өлкөбүздө ар дайым эмгекчилер көп болсун, тынчтыкта өмүр сүрөлү!
30.04.2024
2024 – жылдын 26 – апрель күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү
Мониторинг Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринин” 22-1 пунктунун аткарылышы боюнча жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө соода түйүндөрүнүн администрациялары менен жогорудагы көрсөтүлгөн токтомдун 22-1-пунктунун талаптарын так аткаруу максатында, “Кыргызстанда жасалган, Сделано в Кыргызстане, Made in Kyrgyzstan” аркылуу товарлардын чыгарылган өлкөсү менен ата мекендик өндүрүш товарлары үчүн өзүнчө стеллаждарды/текчелерди бөлүп […]
29.04.2024
Кара-Суу районунда жайгашкан ири соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринин” 22-1 пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн (мындан ары – Бөлүм) кызматкерлери тарабынан 2024- жылдын 26-апрелинде Кара-Суу районунда жайгашкан ири соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлду.           Мониторингдин жүрүшүндө аянты 50 чарчы […]
29.04.2024
Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 2024-жылдын 26-апрель күнү Ош шаарында жайгашкан ишкердик субъекттерге “Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүнүн эрежелери” жөнүндө токтомдун 22-1 беренесинин аткарылышына мониторинг жүргүзүштү. Бул иш-чара 20дан ашуун ишкердик субъекттерди камтыды (кийим, оюнчук, азык-түлүк жана курулуш материалдар сатуучу дүкөндөр). Алар: Мониторингдин жүрүшүндө кийим саткан (чоңдор, жаш балдар) дүкөндөрүндө Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарлары өзүнчө соода текчелерде сатылгандыгы […]
29.04.2024
Талас облусунун аймагындагы сүттү кайра иштетүүчү ишканалар менен жолугушуу өткөрүлдү
2024-жылдын 29-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери (мындан ары – Талас облустук бөлүм) Талас облусунда жайгашкан сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14- марттындагы №1950-VII сандуу “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык сүткө болгон сатып алуу […]