Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 “Аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 жылдын 26- октябрындагы №637 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн тартибинин” негизинде, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү төмөнкү кызматтардын прейскурантын макулдашты.
– “Сузак райондук маданият бөлүмү” 2023-жылдын 28-апрелиндеги №29-буйругу менен 4 позицияда;
-“Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын Токтогул токой чарбасы” мекемеси – 2023-жылдын 4-майындагы №30-буйругу менен 32 позицияда;
– “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу, Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу” 2023-жылдын 10-майындагы №31-буйругу менен 6 позицияда макулдашылды.