Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартибинин” негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү 06.10.2022-жылы № 34 -буйругу менен “Кыргызнефтегаз” ААК тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын бааларынын прейскуранты 2 позицияда макулдашылды.