Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына К.Ж.К. аттуу жарандан “Евразия” соода борборунда жайгашкан «Х» дүкөнүнө карата кайрылуу келип түшкөн.
Арыз ээси дүкөндөн Macbook Pro маркасындагы ноутбукту 73 000 сомго сатып алганын билдирген. Macbookту пайдаланууда экран кемчиликтер аныкталган. Буга байланыштуу, арыз ээси дүкөнгө акча каражатын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок дүкөн кызматкерлери макул болбой башка Macbook сунуштаган.
КР “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, эгерде сатуучу тарабынан эскертилбеген сапаты жакшы эмес товар сатылса, керектөөчү өз каалоосу менен товардын кемчилигин акысыз четтетүүнү же керектөөчү же үчүнчү жак тарабынан ал кемчиликти оңдоого кеткен чыгымдарды өндүрүүнү, сатык баасын тиешелүү түрдө азайтууну, ошондой маркадагы (моделдеги, артикулдагы) товарга алмаштырууну, сатык баасын тиешелүү түрдө кайра эсептөө менен башка маркадагы (моделдеги, артикулдагы) ошондой эле товарга алмаштырууну, соода-сатык келишимин бузуу жана сатуучуга талаптагыдай эмес сапаттагы товарды кайтарып берүү менен товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайтарып берүүнү талап кылат.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан кайрылууну кароо боюнча отурум өткөрүлүп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарынын ченемдери түшүндүрүлүп берилди.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча арыз ээсинин талаптары канааттандырылып, акча каражаты кайтарылып берилди.