Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмү, Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь административдик округунун муниципалдык администрациясы жана Салык кызматы менен биргеликте базарлардын жана соода тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрдү.
Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык сатуучулардын милдеттери жана керектөөчүнүн укуктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ишкерлер тарабынан социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө маселеси каралды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 380 “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында маалыматтар берилди.
Ишкерлерге Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүлдү.