2023-жылдын 31-март күнү Талас облусунун аймактарынан сүт өндүрүүчү 150 киши сүттүн сатып алуу баасына нааразычылык билдирип элдик жыйынга чогулушту. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жетектеди. Жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн 1-орун басары Канымет Осмонбеков, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, ветеринардык кызматынын Талас облусундагы башкармылыгынын жетекчиси Улан Итикеев ошондой эле сүттү кайра иштетүүчү, (үстөмдүк абалды ээлеген субьектилеринин) өкүлдөрү катышты. Жыйында сүт өндүрүүчүлөр, сүттүн баасынын жыл сайын жаз мезгилинен баштап төмөндөп кетиши, сүт өндүрүүгө кеткен чыгымдарын жаппай, кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыктарын билдиришти. Негизги талаптары, мезгилге карабастан сүттүн сатып алуу баасына бирдей баа белгилеп, сүттүн сатып алуу баасын 1 литрин 45 сомго чейин жогорулатып берүүнү талап кылышты. Ал эми сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү, баа түзүмү эркин экономикалык шартта түзүлөөрүн, чыгарылган продукциянын өздүк наркынан, ошондой эле сатылышынан көз каранды экендигин айтышты. Эл талап кылган бааны белгилөө мүмкүн эмес экендигин баса белгилешти. Жыйынга катышкан ар бир мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барып жаткандыгы тууралуу кеңири маалымат беришти. Өз учурунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облусу боюнча бөлүмү, жалпы Монополияга
каршы мыйзамдуулуктар жөнүндө кеңири доклад жасап, мыйзам талаптары аткарылбаган учурда КР “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинде көрсөтүлгөн чаралар тууралуу эскертүүлөрдү берди. Жыйындын соңунда сүт рыногундагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору боюнча ар кандай сунуштар берилди.