Акыркы учурдагы сүт рыногундагы жаралып жаткан көйгөйлөрдү
жөнгө салуу иштери боюнча Талас облустук бөлүмү тарабынан,
Монополияга каршы мыйзамдуулуктарын талаптарын сактоо жана аткаруу
жаатында иштер уланууда. 2023-жылдын 6-апрелинде үстөмдүк абалды
ээлеген чарбакер субъектиси “Арашан” ААКнун жетекчиси А.Б. Кермалиев
менен Талас облустук бөлүмүнүн кеӊсесинде жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө маалымат алмашуулар жана сын-пикирлер,
сунуштар берилди. 2023-жылдын 31-мартында болуп өткөн сүттүн баасына
нааразычлыктарын билдирип келген элдин талабынын негизинде, сүттү
кайра иштетүүчү ишканалар ишмердүүлүгүн токтотушкан. Учурда
ишканалар 2023-жылдын 6-апрелинен тарта өз ишмердүүлүгүн уланта
баштаганы белгилүү болду.