Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн жетектөөчү адистери Бугубаева З.А. жана Токтогулов Б.Р. тарабынан, Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталуусуна көзөмөл жүргүзүү максатында Талас шаарында мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг учурунда Талас шаарында өз ишмердүүлүгүн алып барган бир катар ишкерлерге мыйзам бузуучулукту жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди. Алар:
И.Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан
1. “БиоЭнергоМассаж” борбору;
2. “Фокус” сүрөтканасы;
3. “Лекарь” дарыканасы; – Оторбаев көчөсүндө жайгашкан
4. “Сайма Стиль” кийимдер дүкөнү;
5. “Айым Фаберлик” дүкөнү. Жогоруда белгиленген жайларда Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренсинин 3 жана 4 пунктарынын талаптары аткарылбагандыгы аныкталган. Мониторингдин жыйынтыгы менен илинген сырткы жарнамаларды мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жөнүндө 30 күндүк аткаруу мөөнөтү менен көрсөтмөлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.