ЖИ Дюшеев Ш.И. («Татына» жыгач усталык цехи) Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган
01.06.2023КР “Жарнак жөнүндө” мыйзамын бузгандыгы үчүн айып пул салынгандыгы жөнүндө
01.06.20232023-жылдын 31-май күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Метрологиялык көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын символдору жөнүндө” аталыштагы тегерек стол өткөрүлүп, Бишкек шаардык мэриясынын 32 ведомстволук, аймактык түзүмдөрү жана муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү катышты Тегерек столдун ачылышында Кызматтын орун басары А. Мамыралиев сөз сүйлөп, мамлекеттик символдорду колдонуудагы одоно катачылыктарды баса белгилеп, мамлекеттик мекеме-ишканаларда орнотулган герб жана тууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектигин айтты. Метрологиялык көзөмөлдөө Башкармалыгынын башчысы А. Ахмеджанова мамлекеттик символдор боюнча буга чейин жүргүзүлгөн мониторингдердин натыйжасында, мамлекеттик органдарынын имараттарында жана мекемелеринде Мамлекеттик символдордун техникалык өзгөчөлүктөрүнүн талаптагыдай аткарылбай жактандыгын, айрым мамлкеттик мекемелерге эскертүү берилгендигине карабастан, аныкталган катачылыктары ушул күнгө чейин жоюлбагандыгын билдирди. Тегерек столдун жүрүшүндө, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги №205 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде даярдалган видеоролик көрсөтүлдү жана алардын жасалышындагы кемчиликтерге кененирээк түшүндүрмөлөр берилди. Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар өздөрүн кызыктырган ар кандай суроолоруна тиешелүү жоопторду алышты. Тегерек столдун максаты – мамлекеттик органдардын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана ведомстволук мекемелеринде жайгашкан Кыргыз Республикасынын символдорун (туу, герб) техникалык өзчөлүгүнүн талаптарына ылайык туура колдонулушун жайылтуу болуп саналат. Метрологиялык көзөмөлдөө башкармалыгы, аталган иш-чараларды мындан ары да масштабдуу түрдө жүргүзөт