“Кыргызтелеком” ААК “телефон үчүн абоненттик төлөм” кызматтарына тарифтеринин долбоору боюнча ачык талкулоо өткөрүү жөнүндө маалымат
23.06.2023Ош шаарында таза суу маселеси талкууланды
26.06.2023Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгынын 1.1- пунктуна ылайык, Ыссык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында полимер плёнкасынан жасалган баштыктарды колдонууга жана сатууга тыюу салуу боюнча Жарлыкты аткаруу максатында 2023- жылдын 20-июнунан 22-июнуна чейин биздин Кызмат тарабынан Ыссык-Көл облусунда маалымат берүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү:
- 2023-жылдын 20-июнунда Балыкчы шаары боюнча 36 соода түйүндөрүнө, 2-жергиликтүү соода сатык түйүндөрүнө (базарда), «Солнышко», «Радуга» жана «Карвен 4 сезона» пансионаттарында.
- 2023- жылдын 21- июнунда «Булан-Соготуу» жана «Бостери» айылдарында 37 соода түйүндөрүнө ошондой эле «Золотые пески», «Кыргызское взморье» жана «Колумб» пансионаттарында.
- 2023- жылдын 22- июнунда Чолпон-Ата шаарында 16 соода түйүндөрүндө, 3 жергиликтүү соода сатык түйүндөрүндө (базарда), андан тышкары «Көгүлтүр Ыссык-Көл» жана «Эл-Нуру» пансионаттарында.
Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда, соода борборлоруна, соода сатык түйүндөргө (базарларга), жана пансионат эс-алуу жайларга кагаз баштыктардын өндүрүүчү ишканалардын тизмеси жана баштыктардын баалары боюнча маалыматтар таркатылды. Бардыгы болуп 78 соода түйүндөрүндө; 5 жергиликтүү базарда;15тен ашуу пансионаттарда иш-чаралар өткөрүлдү. Белгилеп кетсек, иш-чаралар жүрүшүндө ишкердик субъекттер Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын колдоп жана таратылган маалыматтарды кубаттап туура кабыл алышты.