“Кыргызтелеком” ААК “телефон үчүн абоненттик төлөм” кызматтарына тарифтеринин долбоору боюнча ачык талкуу өткөрүлдү
29.06.2023 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Кочкор районунун базарларында социалдык маанилуу товарлардын дүң жана чекене бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө социалдык маанилүү товарлардын баалары стабилдүү экендиги белгиленди. Базарларда товарлардын кескин түрдө өзгөрүүсү жок экендиги байкалды.
Ошондой эле, бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан дүң жана чекене сооданын ишкерлери жана жеткирүүчүлөр арасында социалдык маанилүү товарлардын баасын алып-сатарлык жана негизсиз жогорулатуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, ишкерлерге жана жеткирүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Мониторинг жүргүзүү боюнча бөлүмдүн иши мындан ары дагы улантылат.