Ош шаарында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
01.08.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатында пландык текшерүү жүргүзүлүүдө.
Аталган министрликтин Талас облусундагы түзүмдүк бөлүмдөрүнө – Киров суу сактагыч башкармалыгына, Айтматов жана Манас райондук суу чарба башкармалыктарына көзөмөл жүргүзүлдү.
Пландык текшерүүнүн жүрүшүндө Киров суу сактагычы жана Айтматов райондук суу чарба башкармалыктарында айрым өлчөө каражаттары мезгилдүү текшерүүдөн өтпөй колдонулуп жаткандыгы аныкталган.
Кыргыз Республикасынын “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамынын 10 – беренесин бузгандыгы үчүн, жогорудагы мекемелердин ар бирине КР Укук бузуу Кодексинин 391-беренесине ылайык 170 эсептик көрсөткүч менен 17000 (он жети миң) сом өлчөмүндө айып пул салынып, мыйзам бузууну белгиленген мөөнөттө жоюу үчүн эскертмелер берилди. .