Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери 2023-жылдын 29-август күнү “Жыргалаң” көмүр кенинде жумушчу сапары менен болду.
Аталган шахтада бир күндө орточо эсеп менен 120 тонна таш көмүр, 400 метр тереңдиктен казып чыгарылат. Учурда жалпысынан 60 жумушчу эмгектенет.
Башкы инженердин айтуусу боюнча чалгындоолордун негизинде аныкталгандай, шахтанын азыркы кездеги кору (запасы) 20-30 миң тоннаны түзөт.
Бүгүнкү күндө тендерден уткан “Бизнест Инвест Компани” ЖЧКсы Каракол “Жылуулук жабдуу” ишканасы менен биргеликте келишимдин негизинде, муниципалдык мекемелерге бөлүнгөн 12 000 тонна таш көмүрдү тоннасын 5100 сомдон жеткирип берүүдө
Калкка сатылуучу көмүрдүн баасы тоннасы 8000 сомдун тегерегинде сатылары болжолдонууда.