“Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы №488 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Табигый монополиялар субъекттеринин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндө жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдын 13-февралындагы №6 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын табигый монополиялардын субъектилеринин мамлекеттик реестрине Кызматтын 2023-жылдын 24-августундагы №39 буйругу менен өзгөртүүлөр киргизилген:
– 72-пункт реестрден алып салынган;
– жогоруда көрсөтүлгөн реестрге 86-пункт менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылында жайгашкан “Лебединовкасууканал” МИ киргизилген.