Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн 28.08.2023 ж № 34 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 жылдын 10 февралындагы “Аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” №85 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 жылдын 26 октябрындагы “Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” №637 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №23 мекемеси тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскуранты макулдашылды (3 позицияда).