Баткен облусунун Кадамжай шаарында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
28.11.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэринин2023-жылдын 16-октябрындагы №530-б “Социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүү” боюнча буйругу менен түзүлгөн комиссиясы менен биргеликте Кара-Көл шаарында 2023-жылдын 28-ноябрында мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда Кара-Көл шаарында жайгашкан 5 наабайкана жана 2 нан (бөлкө нан) бышыруучу цехке мониторинг жүргүзүлдү. Мындан сырткары шаардагы соода түйүндөрүнө да мониторинг жүргүзүлүп, нан азыктарынын бааларын белгиленген максималдуу баадан жогору сатып жаткан соода түйүндөрүнө жазма эскертүү берилип, бааны төмөндөтүү боюнча түшүндүрүлдү.
Шаарда көмүр негизинен буйрутма аркылуу жүргүзүлүп келет, бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы туруктуу жана жетиштүү көлөмдө, негизсиз жогорулатпоо боюнча сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.