Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы, 2023-жылдын 4-кварталындагы текшерүү планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик резервдер фондунун лабораториясынын ишмердүүлүгүндө өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын сакталышы, метрологиялык эрежелердин, ченемдердин өлчөө каражаттарынын абалы жана колдонуу боюнча метрологиялык көзөмөл жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында боюнча жалпысынан 22 ченөө каражаттары текшерилди, анын ичинен 2 ченөө каржаттары ( Белизномер СКИБ-М) мамлекеттик текшерүү мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды, бул болсо Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы №118 “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамын бузуу болуп саналат.
Дандын үлгүлөрүнө жана аны кайра иштетүү азыктарына изилдөө жүргүзүүдө текшерилбеген өлчөө каражаттарын колдонгону үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 391-беренеси боюнча айып пулу салынды.