Ош облусунун Өзгөн районунда нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү
29.11.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүнө 2023-жылдын 22-ноябрында Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Арызында маалым болгондой, 2023-жылдын 17-ноябрь күнү Талас районундагы эс алуу борборлорунун биринде керектөөчүнүн укугу бузулган. Аталган эс алуу борборуна депозит катары -1000 сом өлчөмүндө алдын ала каражат төлөнгөн. Арыз ээси болгону-4670 сомго буйрутма бергенин билдирип, калган суммага кошумча тамак-аш чыгарып берүүнү, же сарпталбай калган сумманы кайтарып берүүсүн талап кылган. Тилеке каршы, эс алуу борборунун администрациясы ашкана жабылып калганын билдирип, колдонулбай калган сумманын ордуна керектөөчүнүн каалоосун эске албастан, ичимдиктерди берип койгон. Андан сырткары көрсөтүлгөн кызмат тууралуу эч кандай чек берилген эмес.
Талас облустук бөлүмү тарабынан эс алуучу жайдын администрациясына КР “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, керектөөчүгө колдонулбай калган сумма толугу менен кайтарылып берилди.