Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2024-жылдын 22-февраль күнү Жалал-Абад шаарында КР “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен “Академия Роста” окуу борборуна жана “Мега экспресс” жеткирүү кызматына КР “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктун бузгандыктары үчүн жазма эскертүү берилди.
Облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан мониторинг учурунда жарнама берүүчүлөргө мыйзамдын талаптарын так аткаруу боюнча түшүндүрүлдү жана мындан ары да мониторинг улантылмакчы.