“Lets go менен миллионер бол” кызыктыруучу лотереясынын уюштуруучусуна айып пул салынды.
21.02.2024Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2024-жылдын 22-февраль күнү Жалал-Абад шаарында КР “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
22.02.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2024-жылдын 21-февраль күнү Базар-Коргон шаарынын соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аныкталды:
- 1-сорттогу буудай уну 32-34 сом;
- Кой эти 550-560 сом;
- Уй эти 520-530 сом;
- Тоок жумурткасы (10 даанасы) 110-130 сом;
- Кум шекер 80-85 сом;
- Тазаланган күн карама өсүмдүк майы 1литри 113-160 сом;
- Картошка 25-35 сом;
- Сабиз 25-35 сом;
- Пияз 25-35 сом;
Социалдык маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон шаарынын соода түйүндөрүндө эмгектенген ишкерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоо, керектөөчүлөр үчүн товардын, азык-түлүктүн бааларын көрүнүктүү жерде илинип туруусу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын түшүндүрүп, ооз эки эскертүүлөр берилди.
Мындан арыда, бөлүм тарабынан социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлүп турат.