Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Кара-Көл шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери менен биргеликте, 2024-жылдын 29-февраль күнү Кара-Көл шаарында соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аныкталды:
Социалдык маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кара-Көл шаарынын соода түйүндөрүндө эмгектенген ишкерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоо, керектөөчүлөр үчүн товардын, азык-түлүктүн бааларын көрүнүктүү жерде илинип туруусу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын түшүндүрүп, ооз эки эскертүүлөр берилди.
Мындан арыда, бөлүм тарабынан социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлүп турат.