Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Г.К.Асылбаеванын тапшырмасынын негизинде Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан социалдык маанилүү товарлардын бааларына Нарын шаарында жайгашкан соода дүкөндөрүндө жана базарлардагы соода түйүндөрүндө мониторинг түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө, баалар төмөнкү баада сатылып жатканы аныкталды:
Жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну 1кг-38 с;
Импорттолгон 1-сорттогу буудай уну 1кг-50 с;
1-сорттогу буудай унунан жасалган нан 1кг-65 с;
Өсүмдүк майы 1л-150 с;
Кум-шекер 1кг-80 с;
Уй эти 1кг-550 с;
Кой эти 1кг-550 с;
2,5-3,2% майлуулугу менен пастерленген сүт 1л-75 с;
Учурда социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу кескин өсүшү байкалган жок.
Мониторингдин жүрүшүндө товарларды сатуучулар арасында социалдык маанидеги товарларга, баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Баалар негизсиз көтөрүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрү маалымдалды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө», «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.