Калк үчүн мунайзаттарды сатуу рыногунда кызматташуу жөнүндө кол коюлган макулдашуунун алкагында Кызмат тарабынан КММ рыногундагы баа маселеси боюнча Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлгөн.
Баалардын динамикасы көрсөткөндөй, 2024-жылдын башынан бери АИ-92 бензининин баасынын төмөндөшү байкалган, дизелдик отундун баасы туруктуу бойдон калган.
Үстүбүздөгү жылдын март айынын башынан тартып АИ-92 бензинине жана дизелдик отунга 0,7 сом/литрге анча-мынча өсүш байкалган, бул Кыргызстандагы баалардын өсүшүнө таасир эткен объективдүү тышкы факторлорго байланыштуу.
Нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин баалар учурдагы деңгээлде калат.
ЕАЭБке мүчө-мамлекеттердеги КММнын үстүбүздөгү жылдын 14-мартындагы абалына карата орточо салыштырма баалары, сом/л
(КРМБнын 2024-жылдын 14-мартындагы курсу боюнча)
Кыргызстан | Казакстан | Россия | Беларусь | Армения | Тажикистан | Өзбекстан | |
Аи-92 | 62,1 | 40,8 | 49,5 | 63,0 | 109,0 | 81,6 | 76,7 |
Диз.отуну | 70,6 | 58,6 | 63,4 | 65,8 | 120,1 | 93,0 | 94,4 |