Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин педагогдук жамааты менен биргелешип студенттерге “Керектөөчү укугуңду бил” аттуу жолугушуу семинарын өткөрдү.
Студенттерге керектөөчүнүн укуктары тууралуү кенен маалыматтар берилди. Атайын маалыматтык роликтер көрсөтүлүп, суроо-жоопторго да орун берилди.