2024-жылдын 14-март күнү, Ош шаарынын көчөлөрүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча мониторинг (рейд) жүргүзүлдү.
Мониторинг (рейд) алгач Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн башталып, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жарнама жана Мамлекеттик тил Мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген ээлерине бир катар эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле буга чейин тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилген, ченемдик укуктук актыларды бузган, мыйзам талабына жооп бербеген эскилиги жеткен жарнамалар алынды.
Жогорудагыдай иш-чаралар белгиленген графике ылайык шаардын башка аймактарында уланат.